Казакстанда ачкачылык жарыялаган кыргыз жараны оозун тикти
Казакстанда ачкачылык жарыялаган кыргыз жараны оозун тикти
2 Жалган куран 2018 19:39 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 02.02.2018. Govori.TV.
3-топтогу майып жаран, 37 жаштагы Эркинбек Тентемишев Тараз шаарындагы №158/4 мекемесинде жаза мөөнөтүн өтөөдө. Ал өзү абактын жетекчилиги аны улутуна карата кодулап жатканын билдирген. Ошондуктан ачкачылык жарыялаган кыргыз жараны оозун тикти. Бул тууралуу акыйкатчы аппаратынын басма сөз кызматы кабарлады.
Кыргызстандын акыйкатчысы Кубат Оторбаев Казакстанда ачкачылык жарыялап, оозун тигип алган кыргызстандык боюнча коңшу мамлекеттин тиешелүү мекемелерине кайрылды.
Оторбаев Казакстандын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Аскар Шакировго кайрылып, кыргызстандыктын укугун коргоого көмөктөшүүнү, эгерде анын айтканы далилденсе, айыптууларды жоопко тартууну өтүндү.
Ошондой эле ал жаранды экстрадициялоо мүмкүнчүлүгүн караштырыш үчүн Башкы прокуратурага жана Тышкы иштер министрлигине кат жөнөттү.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн Улуттук банкынын башчысы Галымжан Пирматовду кызматтан алды. «Казатомпром» компаниясынын башкармалыгынын …