• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Казакстанда аэропорт жабылып, мектептер иштебей калды (видео)

27 Үчтүн айы 2020 10:59 Бишкек Govori.TV

Казакстандын борборунда ылдамдыгы секундасына 28 метрге жеткен бороон-чапкындын айынан аэропорт жабылып, бардык каттамдар токтотулду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Аба ырайы 26-январь күнү кечке маал бузулган.

Аба каттамдарынан тышкары, Нур-Султанга кирип-чыкчу бардык жолдордо кыймыл токтотулду. Өзгөчө кырдаалдар департаменти мындай чечимин жол дээрлик көрүнбөй калышы менен түшүндүрүүдө. Коммуналдык кызматтар тыгылып калган автоунааларды чыгарууга жардам берип жатат.

Ошондой эле дүйшөмбү күнү мектептердеги жана колледждердеги сабактар токтотулду.

«Аба ырайынын кескин бузулганына байланыштуу 0-11-класстар жана колледж студенттери үчүн сабак болбойт», — деген маалыматты Билим берүү министрлиги таратты.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар департаменти бүгүн иш күндү кыскартууну сунуштап жатат.

Казгидромет 27-январь күнгө карата Нур-Султанда бурганактаган кар жаап, бороон болору тууралуу шашылыш белдирүү тараткан.

Количество просмотров: 61