• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

АКШда бороондон улам 116 адам каза болду

30 Аяк оона 202417:03 Бишкек Govori.TV

АКШнын түштүк-чыгышында болгон Хелен бороону кеминде 116 адамдын өмүрүн алды.

Түндүк Каролинада 46, Түштүк Каролинада 27, Джорджияда кеминде 25, Флоридада 13 адам каза болгон. Теннессиде төртөө, Вирджинияда экөө өлгөн.

Мындан тышкары, Түндүк Каролинада 600 жашоочу дайынсыз болууда.
Акыркы маалыматтар боюнча, АКШнын 2 миллионго жакын тургуну электр жарыгысыз калууда. Буга чейин 4 миллиондон ашык адам электр жарыгысыз калганы айтылган.

Сел жана жер көчкүдөн улам Түндүк Каролинада 300дөй, Түштүк Каролинада 150дөй жол жабылды. АКШ президенти Жо Байден ушул жуманын аягында бороон-чапкындан жабыркаган аймактарга барууну пландап жатканын CNN билдирди.

Хелен Саффир-Симпсон шкаласы боюнча 4-категориядагы бороон жана 19-сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 23:10дө түндүк Флориданын Биг-Бенд аймагына жеткен. Ал убакта шамалдын ылдамдыгы 225 км/саатка жеткен.

Количество просмотров: 271