• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Казакстанда АЭС куруу боюнча референдум өтөт

2 Аяк оона 202416:49 Бишкек Govori.TV


Бүгүн Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев элге кайрылды. Анда президент АЭС куруу боюнча референдум өткөрүлө тургандыгын билдирди.

«Дүйнөлүк энергиянын жетишсиздигин эске алуу менен биз энергиянын ишенимдүү жана экологиялык жактан таза булактарына өтө муктажбыз. Ошондуктан, менимче, атомдук энергетиканы өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу зарыл. Генерациянын бул түрү биздин экономиканын тездик менен өсүп жаткан керектөөлөрүн бир топ канааттандыра алат. Учурда 30 өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө 200гө жакын атомдук электр станциялары иштеп жатат.

Узак мөөнөттүү улуттук кызыкчылыктарды, өлкөбүздүн өзгөчөлүгүн эске алуу менен биз келечекти ойлошубуз керек. Ошондуктан мен атомдук электростанцияны куруу маселеси боюнча ойлонулган чечимди кабыл алуу боюнча, стратегиялык пландарды коомдо кеңири талкуулоо зарылдыгын дайыма айтып келем. Өлкөнүн жашоосу үчүн өтө маанилүү болгон ар бир кадам элдин колдоосу менен жасалышы керек. Атомдук электр станциясы боюнча референдумда ушундай болушу шарт.

Референдум боюнча мен былтыр эле айткам. Башкача айтканда, бул тема бир жылдан бери коомчулуктун күн тартибинде. Бул жарандардын негиздүү чечим кабыл алуусу үчүн жетиштүү убакыт деп эсептейм. Бул жагынан мен өкмөттүн сунушун колдойм. Ушул жылдын 6-октябрында атомдук электр станциясын куруу боюнча жалпы элдик референдум өтөт, бүгүн мен бул боюнча тиешелүү жарлыкка кол коем», — деди К. Токаев.

Количество просмотров: 84