• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Казакстанда АЭС курууну референдумга катышкандардын 71 пайызы колдоду

7 Тогуздун айы 202416:10 Бишкек Govori.TV

Казакстанда Борбор Азия аймагында алгачкы атомдук электр станциясын (АЭС) куруу маселеси боюнча 6-октябрда өткөн референдумда добуш берген шайлоочулардын 71% «макул» деп жооп беришти. Бул тууралуу бүгүн 7-октябрда Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы расмий жарыялады.

Добуш берүүгө катталган шайлоочулардын 63,66% катышканы кабарланды. Референдум өттү деп расмий таанылышы үчүн катышуу 50% кем эмес болушу зарыл эле.

АЭСтин курулушун колдогондор өлкө көмүрдөн көз каранды болбой каларын, энергия тартыштыгы жоюларын айтып жатышат. Ал эми каршы пикирин билдиргендер мындай станцияны куруу өтө эле көп каражатты алып коёрун, экологияга коркунуч жаратарын, өлкөнү башка мамлекеттердин алдында технологиялык жактан көз каранды кылып коерун айтууда.

Количество просмотров: 70