• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Казакстанда активист Аслан Утепов жети жылга соттолду

23 Бугу 2023 15:34 Бишкек Govori.TV

23-майда Казакстандын Орол шаарындагы сот «Эл коррупцияга каршы» коомдук бирикмесинин жетекчиси, юрист Аслан Утеповду жети жылга эркинен ажыратты.

Юрист «Алдамчылык» жана «Пара берүүгө шыкакчы болуу» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды. Мындан тышкары ага өмүр бою сот, банк системаларында жана мамлекеттик кызматтарда иштөөгө тыюу салынды.

Соттун билдирүүсүндө Утеповдун күнөөсү күбөлөр менен жабырлануучулардын көрсөтмөлөрү, ошондой эле иштин материалдары менен далилденгени жазылган.

Сотто Аслан Утепов тагылган айыптарды четке кагып, өкүм боюнча апелляциялык арыз берерин билдирди. Мындан тышкары ал кылмыш ишинин козголушуна нааразылык катары 21-майда баштаган ачкачылык акциясын токтото турганын кошумчалады.

Буга чейин прокурор соттон Утеповду күнөөлүү деп таап, жети жарым жылга эркинен ажыратууну өтүнгөн. Адвокат Утеповго актоо өкүмүн чыгарууну сурап, тагылган айыптар жабырлануучулардын «атайылап берген жалган көрсөтмөлөрүнүн» негизинде куралганын, кылмыш ишинин козголушуна Утепов соцтүйүндөр аркылуу сындап келген «кызыкдар адамдар» болгонун белгилеген.

Аслан Утепов — юрист, «Эл коррупцияга каршы» коомдук бирикмесинин жетекчиси жана «Трамадол» дарысын рецептсиз сатууга каршы чыгып жүргөн активисттердин бири. Ал жергиликтүү ишкерге акимчиликтен жер тилкесин алып берүүнү убадалап, андан акча алган деген шек менен 2022-жылы декабрдын аягында кармалган. Активист бул айыптоону четке кагып, бул полиция менен прокуратуранын чагымы экенин билдирип келген.

Количество просмотров: 63