• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Казакстанда ашкере байлыкка салык киргизилет

14 Кулжа 2023 14:58 Бишкек Govori.TV

Казакстанда кийинки жылдан тарта ашкере байлыкка салык киргизилет. Бул тууралуу өлкөнүн экономика министри Алибек Куантыров билдирди.

Анын айтымында, бул норма Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин иштей баштайт.

Салыктын чени эки же андан көп кыймылсыз мүлккө, кымбат баалуу автоунааларга жана башка ашкере байлыктарга ээ жарандар үчүн жогорулайт деп күтүлүүдө.

Азыркы Салык кодексине ылайык, Казакстандын ар бир жараны кирешесине карабастан, тапканынын 10% мамлекетке төлөөгө милдеттүү. Бул дүйнөдөгү эң төмөнкү салык чендеринин бири экени айтылып келет. Мындан тышкары өлкөдө кошумча нарк салыгы 12% түзөт. Казак бийлиги ашкере байлыкка салык киргизүү – коомдогу теңсиздиктин деңгээлин төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет деп эсептөөдө.

Казакстанда ашкере байлык үчүн салык киргизүү жөнүндө дээрлик бир жылдан бери айтылып келет. Былтыр сентябрда өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев биринчи кезекте кымбат баалуу мүлктөр менен автоунааларды сатып алууга кудуреттүү жарандарды көбүрөөк салык төлөөгө милдеттендирүү керектигин айткан.

Бирок талдоочулар жаңы салыктын киргизилиши менен колунда бар адамдар көмүскө схемаларды ойлоп таап, мүлктөрүн туугандарына каттата башташы мүмкүн экенин билдирүүдө.

Количество просмотров: 63