Костанай облусундагы Фёдоров районунда аял эки баласы менен иске ууланып каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү «Алау» басылмасы Облустук өзгөчө кырдаалдар департаментине шилтеме кылып кабарлады.
«1984-жылкы аял, анын 2013чү жана 2008-жылкы балдары каза болду. Болжолдуу маалыматтарга ылайык, алар мештин шыбалбаган тешиктеринен чыккан иске ууланышкан», – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.
Мындан тышкары үйдүн ээси да иске ууланып, райондук ооруканага жеткирилген.
Облустук өзгөчө кырдаалдар департаментинен билдиришкендей, быйыл 15-августтан 15-сентябрга чейин аймакта «Өрт коопсуздугунун бир айлыгы» жүргүзүлүп, өрттүн алдын алуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлгөн.
«Өрт чыккан дарекке биздин кызматкерлер 2022-жылы февралда барып, өрт коопсуздугун сактоо боюнча кеңештерди берип, кол койдуруп алышкан. Текшерүүнүн жүрүшүндө үйдө үч эреже бузуу аныкталган: электр зымдары оролгон жана түтүн чыккан мор менен чугун меште тешиктер болгон», – деп жазылган департаменттин билдирүүсүндө.