• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Казакстанда бошотулган 4 кыргызстандык Алматыда калмай болушту

15 Үчтүн айы 202220:45 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Алматы шаарында массалык баш аламандык учурунда кармалган төрт кыргызстандык — Закир Юбуров, Адан Хуров, Ильяс Мачо жана Абду-Рахим Джиншанло абактан кое берилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Казакстандагы башкы консулдугунун, ИИМдин Казакстандагы өкүлчүлүгүнүн жана УКМКнын бирдиктүү күч-аракетинин натыйжасында кое берүү тууралуу макулдашууга жетишилген.

Кыргызстандын жарандары көп жылдар бою Алматы шаарында эмгектенип, иштеп жүргөндүктөрү белгилүү болгон. Ушул себептен алар Казакстандын аймагында калышаарын билдиришкен.

Количество просмотров: 134