• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Казакстанда COVID-19 вирусун 163 киши жуктуруп алды

26 Бештин айы 2022 15:44 Бишкек Govori.TV

25-декабрга карата Казакстанда COVID-19 вирусун 163 киши жуктуруп алды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматына караганда, 26-декабрга карата коронавирустан 2663 киши дарыланууда: 350 адам ооруканада, калганы үйдө. 11 бейтаптын абалы оор, экөө жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган.

Өткөн аптада Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө коронавирус инфекциясы боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу экенин маалымдаган. Эпидемиологиялык абалды баалоо матрицасына ылайык, республика жана бардык аймактар жашыл зонада.

Мурдакы жумаларга караганда акыркы аптада вирус жуктуруп ооругандардын саны 3 пайызга көбөйдү.

Саламаттык сактоо министри Ажар Гиният Казакстанда COVID-19дун «Омикрон» жана «Цербер» штаммдары өкүм сүрүп жатканын айткан.

Ушул тапта Казакстанда сасык тумоо менен ооругандардын саны да көбөйүүдө. Былтыркы жылдын ушул мезгилине карата оору 20 пайызга көбөйгөн.

Количество просмотров: 75