• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Казакстанда дүйнөдөгү эң узун шишкебек жасалды

30 Аяк оона 2018 12:14 Бишкек Govori.TV
Бишкек.30.09.2018.Govori.TV.
Казакстанда дүйнөдөгү эң узун шишкебек жасалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда жергиликтүү маалымат басылмалары жазып чыкты. Маалыматка ылайык, шишкебек Казакстандын Буланды районундагы Макинскте канаттуулар фабрикасынын ачылыш аземинде жасалган. Шишкебектин узундугу 223 метрди 65 сантиметрди түзүп, аны 222 кызматкер жасаган. «Шишкебекке 420 киллограм атайын даярдалган тооктун төш этинен жасалды. Жетишкендик расмий түрдө «Гиннесстин рекорддор китебине» Лондондон келген өкүлдөр тарабынан катталды», — деп айтылат маалыматта. Буга чейин дүйнөдөгү эң узун шишкебек деп 2007-жылы Сингапур шаарында жасалган шишкебек табылган. Ал шишкебектин узундугу 140 метрди түзгөнү маалым.
Количество просмотров: 28