• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Казакстанда депутат телеканалдарда чет элдик сериалдардын санын азайтууну сунуштады

15 Аяк оона 202311:53 Бишкек Govori.TV

Казакстан парламентинин сенатынын жыйынында депутат Кайрат Тастекеев телеканалдарда чет элдик контент басымдуулук кылып жатканына нааразылыгын билдирди.

Ал вице-премьер-министр Тамара Дүйсеновага жолдогон кайрылуусунда чет элдик сериалдардын санын чектөөнү сунуштады.

Депутат телекөрсөтүүдө чет элдик контенттин ашыкча болушу калктын улуттук-маданий өзгөчөлүгүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин айтты. Эл өкүлү чет элдик контентти сатып алууга бөлүнгөн акчаны казак киносун өнүктүрүүгө багыттоону сунуштады.

Ал телекөрсөтүүдөгү чет элдик контентке тыюу салуу жана чектөө боюнча эл аралык тажрыйбага көңүл бурууга жана мыйзамдарга тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүүгө чакырды.

Кыргызстанда да Орусиянын “Биринчи канал” жана РТР телеканалдарына байланыштуу маселе утур-утур көтөрүлүп турат. 2022-жылы март айында Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты, ушул тапта төрага болуп турган Нурланбек Шакиев Орусиянын эки каналына бюджеттен акча төлөөнү токтотууга чакырган.

Количество просмотров: 68