• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Казакстанда эки баласын сатууга шектелип каракалпакстандык мигрант кармалды

11 Чын куран 2023 9:10 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Орол шаарында эки баласын сатууга шектелип каракалпакстандык мигрант келин кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, келин алгач 2018-жылы жаңы төрөлгөн баласын Атырау шаарындагы үй-бүлөгө саткан. Кийинки жылы ал кыз төрөп, аны үч жашка толгондо Орол шаарындагы үй-бүлөгө 1 миллион теңгеге (2,2 миң доллар) сатып жиберген.

Кармалган келиндин курбусу билдиргендей, ал мындай кадамга аргасыздыктан улам барган. Балдары никесиз төрөлүп, бул жөнүндө жакындарынын кабары болгон эмес. Анын айтымында, келин балдарын саткан эмес, «болгону жакшы багууга мүмкүндүгү бар адамдарга берген».

Каракалпак диаспорасынын өкүлдөрү бул акыркы эки жылдын ичинде мекендештери катышкан Казакстандагы төртүнчү ушундай учур экенин билдирүүдө.

Каракалпакстандын Эмгек министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө Казакстандын аймагында жалпысынан 70-80 миңдей каракалпак мигранты бар. Алардын көбү курулуш, кызмат көрсөтүү жана айыл чарба тармактарында иштейт.

Количество просмотров: 37