• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Казакстанда эки киши кененин уусунан каза болду

8 Теке 2023 11:29 Бишкек Govori.TV

Кызылорда облусунда кене чаккан эки адам Конго-Крым геморрагиялык ысытмасынын курмандыгы болду. Бул тууралуу «Хабар 24» билдирди.

Жаңыкорган районунун 77 жаштагы тургуну жана Шиели районунун 51 жаштагы тургуну оор абалда ооруканага жеткирилген. Бейтаптар реанимацияда каза болушкан.

«Ар бир учурду каттоодо жеке менчик аймактарды, короолорду жана жаныбарларды 12 сааттын ичинде дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт. Бардык байланышта болгон адамдар 14 күн бою дарыгерлердин көзөмөлүндө болот. Жалпысынан үч ай – май, июнь жана июль айлары кенелердин коркунучтуу түрлөрүнүн жанданган учуру. Андыктан облустун тургундарын этият болууга жана чаккан учурда дароо дарыгерге кайрылууга чакырабыз”,- дейт Кызылорда облусунун санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл башкармалыгынын башчысынын орун басары Алия Абдыкаимова.

Анын айтымында, 2023-жылдын башынан бери облустун медициналык мекемелерине кене чаккан 600дөн ашык адам кайрылган. Алардын 23ү Конго-Крым геморрагиялык ысытма оорусуна шектелип ооруканага жаткырылган. Коркунучтуу курт-кумурскалар жашаган табигый чөйрөдө эпидемияга каршы иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Крым-Конго геморрагиялык ысытмасы – кененин уусу аркылуу жугуучу оорусу.

Количество просмотров: 154