• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Казакстанда экоактивисттер бийликти АЭС курууга тыюу салууга чакырууда

2 Жалган куран 2023 9:12 Бишкек Govori.TV

Казакстандын экологиялык коомчулугу өкмөттөн Алматы облусунда куруу пландалып жаткан АЭС долбооруна мораторий киргизүүнү талап кылууда.

«Өлкөнүн бардык аймактарындагы 40тан ашык өкмөттүк эмес уюмдун башын бириктирген Казакстандын экофоруму ассоциациясы АЭС курулушунун долбоорун тар чөйрөдө талкуулоону токтотууну талап кылды. АЭС куруу боюнча пландар менен чечимдер кеңири коомчулуктун катышуусунда өтүшү керек. Казакстан эксперименттер үчүн аянтча болбошу зарыл», – деп жазылган ассоциациянын сайтындагы билдирүүдө.

«Экофорумдун» төрайымы Светлана Могилюк февралдын аягында АЭС курула турган аймактын жашоочулары гана катышкан коомдук угуу өткөрүү пландалганын, бирок ал белгисиз мөөнөткө жылдырылганын билдирди. Экологиялык коомчулук күтүлүп жаткан угуулар жөнүндө социалдык түйүндөр аркылуу гана билишкен. Анын айтымында, бул маселе коомдо ачык талкууланышы керек

«Казакстандын экофоруму» 18-февралда жарыялаган онлайн-петицияда да ушундай эле талаптар жазылган. Бүгүнкү күнгө карата петицияны дээрлик 2,5 миң киши колдоп добуш берсе, 600 колдонуучу мораторий киргизүүгө каршы чыккан.

«Экологиялык музей» деп аталган коомдук уюм да өлкө жарандарын Казакстанда АЭС курууга мораторий киргизүүнү колдоого чакырышты.

«Казакстандын экофоруму» ассоциациясынын петициясынан кийин 25-февралда ага карама-каршы мазмундагы башка петиция жарыяланган. Аны 500 киши колдосо, 400дөн ашык жаран каршы добуш берген. Петициянын автору Светлана Хеккурайнен АЭС куруу пландалып жаткан Улькен айылынын тургундарынын атынан жазып, жакынкы убакта атомдук электр станция курулбаса, өлкөдө чоң энергетикалык каатчылык болушу мүмкүн экенин» белгилеген.

Буга чейин Казакстандын өкмөтү өлкөдө АЭС курууну пландап жатканын билдирген. Бул идеяга активисттер, экологдор жана энергетика тармагындагы бир катар эксперттер каршы чыгып, АЭС куруу коопсуз эмес экенин жана коммерциялык жактан пайдалуу болбой турганын айтышкан.

Өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев 2022-жылы Казакстан АЭС курула турган жер тандаганын, азыр потенциалдуу жеткирип берүүчүлөрдөн түрдүү технологиялар каралып жатканын, курулуш иштери 2023-жылы баштала турганын айткан. Кийинчерээк Казакстанда АЭСти эл аралык консорциум курушу мүмкүн экени кабарланган. Консорциумга China National Nuclear Corporation кытай компаниясы, KHNP (Korea Hydro & Nuclear Power) корей компаниясы, EDF (Еlectricitе de France) жана «Росатом» компаниялары кирген.

Бир катар эксперттер Борбор Азияда АЭС куруу кооптуу экенин билдирип келишет.

Количество просмотров: 44