• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Казакстанда экс-аткаминерге тиешеси бар делген ири кен мамлекетке кайтарылды

1 Жетинин айы 2023 9:16 Бишкек Govori.TV

Казакстандын индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министринин мурдагы орун басары Тимур Токтабаевдин ишин тергөөнүн алкагында Костанай облусундагы «Шевченков» никель жана кобальт кени мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу өлкөнүн Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы билдирди.

27-октябрда кылмыш иштери боюнча Астана шаардык соту Токтабаевди жети жылга эркинен ажыратып, анын өмүр бою мамлекеттик кызматта иштөөсүнө тыюу салган.

ЖМКлардын маалыматына караганда, азырынча күчүнө кире элек өкүмдө мындан тышкары экс-аткаминердин Алматыдагы жер телкеси менен үйүн, 2021-жылкы Maybach жана Bentley үлгүсүндөгү автоунааларын, ошондой эле 13 коммерциялык уюмдардагы үлүштөрүн конфискациялоо тууралуу да жазылган.

Иштин материалдарына ылайык, Токтабаев «Шевченков» кени боюнча өзү мурда ишенимдүү адамы аркылуу акцияларынын 20% ээлик кылган «С» компаниясы менен мыйзамсыз келишим түзгөн. Анда бул компанияга кенде чалгындоо иштерин жүргүзүү жана аны иштетүү укугу берилери жазылган.

«Токтабаев кийинчерээк «С» компаниясынын уставдык капиталындагы 20% үлүшүн үчүнчү жактарга саткан. Анын 10% 425 миллион теңгеге сатылган», – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Тергөөнүн версиясына ылайык, никель менен кобальттын ири запасы бар бул кен өндүрүштүк иштетүүгө даярдалып, өндүрүш категориясындагы баланстык запастары бар объект катары лицензия берүү үчүн аукционго коюлушу керек болчу. Бирок Токтабаевдин мыйзамсыз аракеттеринен улам кен аукционго коюлбай, мамлекеттик бюджетке 40,6 миллиард теңгеден ашык каражат түшпөй калган.

2016-2019-жылдары индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министринин орун басары кызматында иштеген Тимур Токтабаев 2022-жылы кармалган.

Количество просмотров: 63