Казакстанда прокурор каттоодон өтпөгөн «Эл тиреги» партиясынын лидери Нуржан Алтаев үчүн 12 жылга эркинен ажыратуу жана өмүр бою белгилүү бир кызматтарды аркалоого же белгилүү бир ишмердүүлүк менен алектенүүгө тыюу салуу жазасын сурады. Бул тууралуу анын адвокаты Гүлшат Дүйсенова билдирди.
Парламент мажилисинин мурдагы депутаты, «Эл тиреги» партиясын каттоодон өткөрүүгө аракет кылып келген Нуржан Алтаев быйыл июндан бери камакта отурат. Ал «Пара алуу» беренеси боюнча айыпталууда. Анын иши боюнча октябрдын аягында башталган сот жабык өтүүдө.
Июндун башында Казакстандын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Алтаев эмгек министринин орун басары болуп турганда «Атамекен» улуттук ишкерлер палатасынын төрагасынан ири өлчөмдө пара алган деп шектелип жатканын билдирген. Алтаев өзү айыптоону четке каккан. Адвокат Гүлшат Дүйсенова бул кылмыш ишин «саясий буйрук» деп атаган.
45 жаштагы Нуржан Алтаев бийликтеги «Нур Отан» (азыркы «Аманат») партиясынын курамынан 2020-жылы чыгарылып, көп өтпөй мажилистеги мандатынан ажыратылган. Анда ал «Нур Отан» «партиясынын беделин түшүргөн жана анын кызыкчылыктарына зыян алып келген аракеттерге барууга» айыпталган.
Бийликтеги партиядан чыгарылгандан кийин Алтаев El Tiregi аттуу жаңы партия түзөрүн билдирген. Бирок аны Юстиция министрлигинде каттата алган эмес.