• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Казакстанда Григорий Лепстин концерти болбой калды

20 Кулжа 2023 9:10 Бишкек Govori.TV

Григорий Лепсти концерттик жай менен камсыздай турган Makao Luxury Village Resort компаниясы 19-июнда концерттин уюштуруучулары менен келишимди бир тараптуу бузуу чечимин кабыл алганын билдирди. Бул тууралуу компания Инстаграмдагы баракчасында айтылат.

«Эртең менен активист Канат Турдалиев экөөбүз бул маселе боюнча Алматы облусунун жетекчилигине жолугуп, кырдаалды курчутпоо үчүн элдин талабын аткарууга чакырдык. Концерт болбойт, Лепс келбейт», — деди Алматы маслихатынын депутаты Еркин Ракишев.

Концерт быйыл июль айында Алматы облусунун Конаев шаарында өтмөк.

Казакстанда соцтармактардын колдонуучулар Украинадагы согушту колдогон орусиялык артисттин өлкөгө келишине нааразылыгын билдиришкен.

Количество просмотров: 78