• Бейшемби 9 Теке 2026
  • Четверг 9 Июль 2026

«Ынтымак-2» сейил багында концерт өтөт

9 Теке 202617:49 Бишкек Govori.TV

11-12-июнь күндөрү «Ынтымак-2» сейил багында ачык асман алдында музыкалык кече өтөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, көрүүчүлөр үчүн белгилүү чыгармачыл жамааттардын жана таланттуу аткаруучулардын катышуусунда кызыктуу концерт тартууланат.

Белгиленгендей, бул долбоор шаардын маданий турмушун жандандыруу, улуттук искусствону жайылтуу жана үй-бүлөлүк эс алууга шарт түзүү максатында уюштурулууда.

Мэрия борбор калаанын тургундарын жана конокторун музыкалык кечелерге чакырат.

Башталышы 19:00.

Количество просмотров: 4