• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Казакстанда үй-бүлөлүк зомбулук үчүн кылмыш жоопкерчилиги киргизилди

15 Чын куран 2024 16:30 Бишкек Govori.TV

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев үй-бүлөлүк зомбулук үчүн жоопкерчиликти күчөткөн мыйзамга кол койду.

Ага ылайык, аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун ар кандай көрүнүштөрү үчүн жоопкерчилик күчөтүлүп, үй-бүлө институтун чыңдоо жана жашы жете электердин коопсуздугун камсыздоо боюнча нормалар киргизилди.

— Ден соолукка атайылап жеңил залал келтирүү жана ур-токмок үчүн кылмыш жоопкерчилиги киргизилди. Ден соолукка атайылап орто жана оор залал келтирүү үчүн жоопкерчилик күчөтүлдү.

— Үй-бүлө маселелери, аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо боюнча байланыш борбор түзүү үчүн мыйзамдык база даярдалууда. Мамлекеттик органдар үй-бүлө маселелери, аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо боюнча өз ара аракеттенүү менен чектелбестен, байланыш борборуна көрүлгөн чаралар жөнүндө да маалымат берүүгө милдеттендирилди.

— Үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендерге атайын социалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн үй-бүлөнү колдоо борборлору түзүлмөй болду.

— Суицидге түртүү жана өзүн-өзү өлтүрүүгө үгүттөө үчүн кылмыш жоопкерчилиги киргизилди.

— 16 жашка чыга элек адамдарга сексуалдык асылуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги киргизилди. Жашы жете электерди уурдоо жана мыйзамсыз эркинен ажыратуу боюнча жазалар бир топ катаалдаштырылды.

— Биринчи жолу жашы жете элек баланы кодулоо (буллинг, кибербуллинг) үчүн административдик жоопкерчилик киргизилди.

— Балдардын жол кире акысы жок болсо, коомдук транспорттон мажбурлап чыгарууга тыюу салынды.

«Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү жөнүндө» мыйзам долбоору 2020-жылдын сентябрь айында парламент мажилисинде биринчи окууда кабыл алынган, бирок 2021-жылы январда документти жакшыртуу үчүн артка кайтарышкан.

Акыркы жылдары Казакстанда аялдарга карата зордук-зомбулук жана үй-бүлөлүк зомбулук эң көп талкууланган темалардын бири бойдон калууда. Мурдагы улуттук экономика министри Куандык Бишимбаев жубайын өлтүргөндөн кийин Казакстанда гендердик зомбулукка каршы күрөш боюнча талкуулар кайрадан жанданды.

Статистикага ылайык, Казакстанда аялдардын көбү күйөөсү же алар менен мамиледе болгон адамдар тарабынан күч колдонууга дуушар болот. Жыл сайын милицияга үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 100 миңден ашык билдирүү келип түшөт. Бирок бул иштердин аз гана бөлүгү боюнча чара көрүлөт.

БУУнун маалыматы боюнча Казакстанда жыл сайын 400гө жакын аял күйөөлөрүнүн же алар менен жакын мамиледеги адамдардын колунан каза табат.

Количество просмотров: 76