• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Казакстанда камакта жаткан Кыргызстандын төрт жараны бошотулду

15 Үчтүн айы 202214:05 Бишкек Govori.TV

Казакстанда камакта жаткан Кыргызстандын төрт жараны бошотулду. Бул тууралуу Ассоль Молдокматова Instagram баракчасына видео жарыялап билдирди.

Видеодо төрт адам аларда баары жайында экенин айтып, Кыргызстанга салам айтып жатканын көрүүгө болот.

Кыргызстандык 4 жаран — З.Юбуров (1990-жылы төрөлгөн), А.Хуров (1991-жылы төрөлгөн), И.Мачо (1987-жылы төрөлгөн), А.Жиншанло (2001-жылы төрөлгөн) Алматыдагы башаламандыкка катышууга шектелип кармалганы маалымдалган.

Кыргызстандыктар Алматы облусундагы СИЗОдо камакта. Алар текшерүү иш-чараларынын алкагында кармалган.

Количество просмотров: 251