• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Казакстанда камактагы активисттин ур-токмокко алынышы боюнча тергөө башталды

5 Аяк оона 2023 17:25 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Кылмыш-аткаруу комитети камакта отурган Тимур Данебаевди ур-токмокко алган кызматкерлерге карата “кызмат абалын ашкере пайдалануу” боюнча тергөө баштаганын маалымдады.

Мунун алдында социалдык тармактарда абак кызматкерлери жарандык активист Тимур Данебаевди сабап, кыйнап жатканы тартылган видео тараган.

Видеодон Данебаевди кыска мөөнөттүн ичинде топ кызматкерлер кеминде эки жолу кыйноого алганын көрүүгө болот.

Видео 24-августта Акмола облусунун Атбасар шаарындагы колонияда тартылган. Колония кызматкерлери ажаткана жуудан баш тарткан активист Тимур Данебаевди ур-токмокко алышкан. Аны жерге жаткырып, колу-бутун байлап, союл менен сабашкан.

Тимур Данебаев – Январь окуясынан кийин “20 миң террорист тууралуу жалган маалымат таратты деп” президент Токаевге каршы арыз жазууга аракет кылган. Июнда сот “Улут аралык кастыкты козутту” деп айыпталган активистти үч жылга эркинен ажыраткан.

Количество просмотров: 92