Казакстанда камактагы журналист Думан Мухаммедкарим 20-ноябрдан бери ачкачылык акциясын улантууда. Бул тууралуу анын жактоочусу Галым Нурпейисов “Азаттыктын” казак кызматына билдирди.
«Ал Жыланбаев менен Тлеужанованын иши боюнча сот жараяны жабык режимде өтүп жатканын туура эмес деп эсептейт. Ал буга каршы. Ал Жыланбаев менен Тлеужановага колдоо көрсөтүүнү чечип, жакын арада өтө турган сот отурумунун ачык режимде болушун талап кылууда», — деди жактоочу Галым Нурпейисов.
Анын айтымында, Талдыкоргандагы тергөө абагынын жетекчилиги Мухаммедкаримдин ачкачылык жарыялап жатканынан кабардар. Журналист азыр суу гана ичүүдө.
Адвокат журналистке медициналык жардам көрсөтүлгөнүн кошумчалады.
Өткөн аптада Мухаммедкаримдин иши боюнча тергөө дагы бир айга узартылганы белгилүү болгон.
ND аттуу youtube-каналдын автору Думан Мухаметкарим «Экстремизмди каржылоо» жана «Экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүнө катышуу» беренелери боюнча айыпталууда. Адвокаттын айтымында, журналист бозгундагы банкир Мухтар Аблязовго жардам берген деп шектелүүдө.
Мухаметкарим алгач быйыл 28-майда «тынч жыйындарды өткөрүү тартибин бузуу» айыбы менен кармалып, 25 суткага камалган. Бирок бул мөөнөтү аяктагандан кийин ал эркиндикке чыгарылбай, жаңы айыптар боюнча эки айга камакка алынган. 5-июлда журналист анын бөгөт чарасын караган соттун чечимине нааразылык иретинде ачкачылык жарыялаган. Казакстандык укук коргоочулардын тобу журналистти саясий негиздер менен куугунтукталып жаткан адамдардын тизмесине кошкон.