• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Казакстанда «Камызяки» КВН командасынын концерттерине тыюу салуу талабы айтылууда

12 Аяк оона 2023 9:47 Бишкек Govori.TV

Казакстандык социалдык түйүн колдонуучулары өлкө бийлигин казак тектүү орусиялык куудул Азамат Мусагалиевдин Астана жана Алматы шаарларында өтө турган концерттерине тыюу салууга чакырууда.

Алар буга себеп катары Мусагалиевдин Орусия оккупациялап алган Украинанын Донецк облусунда концерт бергенин айтып жатышат.

Мусагалиевдин жана ал жетектеген «Камызяки» КВН командасынын концерттери Астана жана Алматы шаарларында октябрдын башында өтөт деп пландалууда.

8-сентябрда өткөн Донецк облусундагы концерттен кийин Мусагалиевди украин бийлиги «орус-фашисттик басмачыларга жана террорчуларга көмөктөшкөн» деген тизмеге киргизген.

Буга чейин Казакстанда коомдун талабы менен согушту колдогон орусиялык Полина Гагарина, Григорий Лепс, Лариса Долина сыяктуу ырчылардын концерттерине тыюу салынган.

Количество просмотров: 88