• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Казакстанда карантин 2-августка чейин узартылды

15 Теке 2020 9:14 Бишкек Govori.TV

Казакстанда коронавирустун жайылуусуна байланыштуу экинчи жолу киргизилген карантин режими 2-августка чейин узартылды.

Бул тууралуу өлкө премьер-министри Аскар Мамин 14-июлдагы өкмөттүн жыйынында билдирди.

Ал ошондой эле бул аралыкта кирешесиз калган жарандарга жардам катары 42 500 теңгеден (100 долларга жакын) төлөнүп берилерин кошумчалады.

«Мамлекет башчынын тапшырмасы менен карантин убагында кирешесиз калган жарандарга бир айга 42 500 теңге өлчөмүндө социалдык жөлөк пул берүү чечимин кабыл алып жатабыз. Жөлөк пул карантиндик чаралардан улам ишмердүүлүгү чектелген жумуш берүүчүлөрдүн, жеке ишкерлердин жана өзүн-өзү иш менен камсыз кылган жарандардын билдирмелеринин негизинде төлөнөт», — деди Мамин.

Казакстанда COVID-19 жана пневмония илдети жайылып кеткенине байланыштуу 5-июлда кайрадан эки жумалык карантин киргизилген. Алгачкы карантин пандемия жаңы башталган март айында жарыяланып, майдын ортосуна чейин күчүндө болгон. Өкмөт анда да жарандарга 42 500 теңге өлчөмүндө жөлөк пул төлөп берген. Маалыматка караганда, алгачкы айда 4,5 миллион, экинчи айда эки миллиондон ашык киши жөлөк пул алган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 61 755 кишиге жетти. Алардын ичинен 35 911 киши айыгып, 375 бейтап каза болду. Бул статистикага пневмониядан көз жумгандар кирген эмес.

Количество просмотров: 127