• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Казакстанда кармалган төрт кыргызстандык бошотулууда

15 Үчтүн айы 2022 13:24 Бишкек Govori.TV

Казакстанда, Алматы-Бишкек жолундагы Карасай районунда кармалган төрт кыргызстандык бошотулууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов билдирди.

“Бошотулат деп биз да күтүп жатабыз. Эртең менен барып жолугуп, азыр келдик. Алар эч кандай мыйзам бузган эмес. Алматыдан Бишкекке, үйүнө кетип баратып, жолдон кармалган. Казакстандын Тышкы иштер жана Ички иштер министрликтери менен байланышып, иш алып бардык”, — деди ал.

Казак бийлиги кыргызстандык 31 жаштагы З.Юбуровду, 30 жаштагы А.Хуровду, 34 жаштагы И.Мачону жана 20дагы А.Жиншанлону тополоңго шек санап 7-январда кармаган.

Булак: Азаттык

Количество просмотров: 82