• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Казакстанда кармалган жарандар Кыргызстанга алынып келди

14 Баш оона 202414:38 Бишкек Govori.TV

Казакстанда кармалган жарандар Кыргызстанга алынып келди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, башкы көзөмөл орган башка мамлекеттердин укук коргоо органдарынын суроо-талаптары боюнча эл аралык издөөдө жүргөн, Казакстандын аймагында кармалган Кыргызстандын А.Г. жана Х.М. аттуу жарандарын мекенине кайтаруу процессин ийгиликтүү аяктады.

Жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жана кыргыз жана казак бийлик органдарынын координацияланган иш-аракеттеринин натыйжасында жарандарды Кыргызстандын аймагына кайтаруу чечими кабыл алынды.

Бул процесстин бардык этаптарында айыпталуучулардын укуктарын коргоо боюнча, анын ичинде алардын юридикалык жардамга болгон муктаждыгы Башкы прокуратура тарабынан камсыз кылынды.

Количество просмотров: 111