• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Казакстанда каржы пирамидасын уюштурган киши 5 жылга соттолду

30 Үчтүн айы 2023 17:34 Бишкек Govori.TV

Каржы пирамидасын уюштурууга айыпталган Степногорск шаарынын жашоочусу беш жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Каржы көзөмөлү агенттиги билдирди.

«Лишко Е.Е аттуу жаранга карата LV FORCE каржы пирамидасын түзүү жана жетектөө фактысы боюнча сотко чейинки териштирүү иштери аягына чыкты”, — деп айтылат билдирүүдө.

Тергөөнүн маалыматына караганда, каржы пирамидасы иштеп турган учурда бардыгы болуп 5822 кишини тузагына илген. Чыгымдын жалпы көлөмү 147 миллион теңгеден ашык суммага бааланууда.

Акмоло облустук сотунун маалыматына караганда, Лишкого карата өкүм 30-сентябрда чыккан. Айыпталуучу сотто өзүнө тагылган айыптарды четке каккан. Ноябрда облустук сот соттолуучунун апелляциялык арызын канааттандырган эмес.

Октябрда Каржы көзөмөлү агенттиги 36 каржы пирамидасына карата козголгон кылмыш иши боюнча отчет берген. Бийликтин маалыматына караганда, 2021-жылдан бери миңдеген казакстандык каржы пирамидасынын курмандыгы болгон.

17-январда Актөбө шаардык соту каржы пирамидасын түзгөн топту 8 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыраткан. Алар 800 жабырлануучуга 4 миллиард теңге зыян келтирүүгө айыпталган.

Количество просмотров: 71