• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Казакстанда катуу шамалдан өспүрүм каза болуп, ондогон киши жабыркады

18 Жетинин айы 2021 16:43 Бишкек Govori.TV

Жамбыл облусунда катуу шамалдан жеке турак жайдын чатырынан өсүпүрүм кулап түшүп, каза болду. Бул тууралуу облустук саламаттык сактоо башкармалыгы билдирди.

Кырсык Жалпактөбө айлында болгон. 17 жаштагы бала шамалдан зыянга учураган үйдүн чатырын оңдоо үчүн тамдын үстүнө чыккан. Катуу шамалдан ал жерге кулап түшкөн жана тез жардам келгенге чейин жан берген. Аймактык саламаттык сактоо башкармалыгы маалымдагандай, бүгүнкү күнгө карата медициналык жардам сурап 53 киши кайрылды.

«Шаардык көп тармактуу ооруканага 43 адам барган, төрт жабырлануучу ооруканага жаткырылган. Байзак райондук ооруканасына алты адам кайрылып, бирөө жаткан. Жамбыл көп тармактуу балдар ооруканасында үч бала дарыланууда. Медициналык жардам үчүн кайрылгандардын көбү терезе, бак, дарбазалардын кулаганынан жабыркашкан»,-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 17-ноябрга караган түнү Жамбыл облусунда ылдамдыгы секундасын 32 метрге чейин жеткен катуу шамал болуп, облус борборунда жана калктуу конуштарда инфраструктура жабыркаган.

Количество просмотров: 301