• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Казакстанда кол алдындагылардан пара алууга айыпталган эки полиция кызматкери соттолду

26 Теке 20239:28 Бишкек Govori.TV

Чымкент шаарында жергиликтүү кайгуул полициясынын №4 жана №8 роталарынын командирлери К. Алимханов менен Н.Мырзалиев жети жылга соттолуп, өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштөө укугунан ажыратылды.

Аларга кол алдындагы кызматкерлерден туруктуу түрдө 5-10 миң теңгеден пара алып турган деген айып тагылган.

«Мындан тышкары Алимханов Чымкенттин тургунун административдик жоопкерчиликке тартпоо үчүн кол салдындагы кызматкерлери аркылуу андан 130 миң теңгө өлчөмүндө пара алган», – деп жазылган Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын билдирүүсүндө.

Азырынча сот өкүмүнө карата соттолуучулардын реакциясы жана алардын жогорку баскычтарга даттанар-даттанбасы белгисиз.

Количество просмотров: 86