Казакстандын Улуттук банкы юридикалык жактардын өз банк эсептеринен накталай акча алуусуна чектөө киргизет. Мекеменин сайтына жарыяланган тиешелүү токтом быйыл 1-июнда күчүнө кирет. Бул тууралуу centralasian.org сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, кичи бизнесте иш алып барган компанияларга бир айдын ичинде 20 миллион теңге (46 миң долларга жакын), орто бизнестеги компанияларга 120 миллион теңге (270 миң доллар) жана чоң бизнестеги компанияларга 150 миллион теңге (347 миң доллар) накталай акча алууга уруксат берилет.
Бул суммалардан көп акча алууну каалаган компаниялар банкка арыз жазып, банк Каржы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитети менен макулдашуусу керек болот.
Токтомго ылайык, бул чектөөлөр ишкерликтин төмөнкү категориялары үчүн тиешелүү болбойт: