• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Казакстанда кримтөбөл Арман Жумагелдиевдин камактагы мөөнөтү узартылды

6 Үчтүн айы 2023 15:57 Бишкек Govori.TV

Дикий Арман деген каймана ысым менен белгилүү кримтөбөл Арман Жумагелдиевдин камактагы мөөнөтү 7-мартка чейин узартылды. Бул тууралуу Алматы сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

37 жаштагы Арман Жумагелдиев былтыр 7-январда кармалган. Ага «Жапырт башаламандык уюштуруу», «Мыйзамсыз курал-жарак сактоо», «Уюшкан кылмыштуу топ түзүү жана аны жетектөө» беренелери боюнча айыптар тагылган. Акыркы айыптоо тууралуу коомчулукка 2022-жылы сентябрдын аягында гана белгилүү болгон. Жумагелдиев мындан тышкары Алматыдагы башаламандыктар маалында «көчөдө өтүп бараткан 24 адамды» уурдап кеткен деп айыпталган. Кримтөбөлдүн адвокаты ал бардык айыптарды четке кагып жатканын билдирген.

Прокуратуранын маалыматына караганда, Жумагелдиев Январь окуялары маалында «Улуттук коопсуздук комитетиндеги (УКК) кураторлору менен түздөн-түз иштешкен». УККнын ошол кездеги жетекчиси Карим Масимов кармалгандан кийин кримтөбөл топтолгон элди көзөмөлдөй албай, «талоончулук менен күрөшүү деген шылтоо менен шаардыктарга кол салуу» тапшырмасын алган. Прокуратурадан белгилешкендей, Жумагелдиев башкарган топ көчөдө өтүп бараткан 24 адамды уурдап, аларды ур-токмокко алып, көпкө мажбурлап кармап турушкан. Ал учурда уурдалган адамдардын бири каза болуп калган.

Количество просмотров: 600