Казакстандын улуттук коопсуздук кызматы, ИИМ жана Башкы прокуратура болгон күчтөрүн бириктирип туруп, эң чоң уюшкан кылмыштуу топтун 50 мүчөсүн кармады. Бул тууралуу улуттук коопсуздук кызматынын басма сөз кызматы билдирди. centralasia. сайты да бул тууралуу жазды.
Атайын операция 18-сентябрда Астанада, Алматыда, Шымкентте, Ак-Төбөдө, Атырау, Алматы, Жеты-Суу, ошондой эле Батыш-Казакстан жана Павлодар облустарында бир учурда өткөрүлдү.
Колго түшкөндөр товарларды, машиналарды өзгөчө ири көлөмдө уурдап тоноолорго жана уюшкан кылмыштуу топторду каржылоого шектелип жаткандыгы таратылган маалыматта айтылат. Тергөө маалыматтары боюнча, алар жыйырмадан ашык адамдын 2 млрд. теңгеден (4 млн. доллардан ашык) ашкан мүлкүн уурдагандыгы аныкталган.
Кылмыштуу топтордун бири-бирине кандай баш иери так аныкталып, кимиси кандай иш аткарары даана бөлүштүрүлгөн. Алардын башчылары криминалитеттен жана деструктивдүү диний өкүлдөрдөн, анын ичинде түрмөдө отурган адамдардан да турган.
Тинтүүлөрдө банк карталары, ири өлчөмдө акча каражаттары, экстремисттик адабияттар, акча которуулар жазылган документтер жана башка предметтер табылган.
Төргөө бул кылмыш ишинин болгон жагдайын толук ачыкка чыгарбай жүргүзө турганы белгилүү болду.