• Бейшемби 9 Бугу 2024
  • Четверг 9 Май 2024

Казакстанда кызамык менен ооругандар 17 миңден ашты

28 Жетинин айы 2023 17:05 Бишкек Govori.TV

Жыл башынан бери Казакстанда 17 миңден ашуун адам кызамык менен ооруса, анын алты миңден ашыгы ушул айда аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министри Ажар Гиният билдирди.

«Кызамык жуктургандардын саны сентябрдан бери көбөйдү. Ноябрь айында алты миңден ашуун балага жукту», — деди министр өкмөттүн жыйынында.

Кызамык жуктургандардын 82 пайыздан ашыгы балдар, алардын көбү эмдөөдөн өтпөгөнү аныкталган. Ооругандардын 65 пайызы беш жашка чейинки балдар.

Гинияттын айтымында, кызамык оорусу Казакстандын бардык аймактарында катталды.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө ооруканаларда дарыланып жаткан 2 375 бала бар. Алардын 30у оор абалда жандандыруу бөлүмүндө, анын ичинен 15и бир жашка чейинки балдар.

Өткөн аптада Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги кызамыкка каршы кошумча эмдөө үчүн 500 миң доза вакцина келгенин кабарлаган. Ноябрь айында бир жашка чейинки балдарды, ошондой эле эки жаштан төрт жашка чейинки балдарды кошумча жапырт эмдөө башталды.

Количество просмотров: 81