Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги кызамык оорусуна байланыштуу абал декабрда турукташат деп күтүүдө. Бул тууралуу мекеменин башчысы Ажар Гиният журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
«Азыр иммунизациянын кошумча күндөрүн эске алып, кайсыл аймактарда оорунун жайылуусу уланышы мүмкүн экенин карап жатабыз. Жапырт иммунизация туура жана натыйжалуу жүргүзүлсө, абал декабрда турукташып, январда ооругандардын саны азая баштайт деп күтүп жатабыз», – деди министр.
29-ноябрдагы маалыматка ылайык, жыл башынан бери Казакстанда кызамык жуктурган 17 миңден ашык учур катталды. Алардын 82% ашыгын балдар түзсө, 65% беш жашка чыга элек наристелер. Негизинен кызамыкты эмделбегендер жуктуруп алууда.
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, өлкөдө жалпысынан 90 кош бойлуу аялга кызамык жуккан. Алардын баары учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө, абалдары жакшы. Мындан тышкары бир жашка толо элек 15 бала реанимацияда жатат.