• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Казакстанда Макрон менен жолугууну көздөгөн активисттер кармалды

2 Жетинин айы 2023 9:05 Бишкек Govori.TV

Астанада жарандык активисттер Асет Абишев, Алмас Матаев жана Сергей Измаилов полиция бөлүмүндө жети саат кармалды.

Андан соң аларды протокол түзбөстөн коё беришти. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматына кармалгандардын бири, Эл аралык журналисттер федерациясынын мүчөсү Сергей Измаилов билдирген.

Сергей Измаилов кабарлагандай, ал Асет Абишев жана Алмас Матаев менен бирге түшкө жуук үйдөн чыгып, Франциянын элчилигине баратканда кармалган.

Кармалгандар Сары Арка райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Алар кечки саат жетилер чамасында протоколсуз полиция бөлүмүнөн бошотулган.

Буга чейин Астанадагы активисттер, анын ичинде оппозициялык “Алга, Казакстан!” партиясын түзүү боюнча демилгечил топтун мүчөлөрү журналисттерге түшкө маал Франция элчилигинин имаратына келүүнү көздөп жатышканын билдиришкен. Алар Казакстанга расмий сапар менен келген Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен жолугуп, Казакстандагы адам укуктарынын бузулушу тууралуу айтып берүүгө ниеттенишкен.

Количество просмотров: 87