• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Казакстанда Максим Галкиндин концерти өтпөй турган болду

2 Тогуздун айы 20239:37 Бишкек Govori.TV

«Техникалык себептерден улам» орусиялык куудул Максим Галкиндин Казакстандагы концерттери өтпөй турган болду. Бул тууралуу «Новая газета. Европа» басылмасы кабарлады.

Маалыматка караганда, концерттер өтө турган Астанадагы «Казакстан» борбордук залынын жетекчилиги 30-сентябрда имараттагы суу түтүктөрү оңдолуп жатканын билдирсе, 1-октябрда Алматыдагы Республика сарайында сахна бузулганы кабарланды.

Галкин 8-октябрда Астанада, 9-октябрда Алматыда концерт бериши керек болчу. Аны уюштуруп жаткан «Казакконцерт» мекемеси Галкинге кырдаал тууралуу маалымат берилгенин билдирди.

Августтун аягында Максим Галкин бир нече айдан бери Казакстанда концерт өткөрүүгө уруксат ала албай жатканын айткан. «Инстаграм» социалдык түйүнүнө жарыяланган видеокайрылуусунда Алматы жана Астана шаарларында концерт өткөрүүсүнө «мамлекеттик деңгээлде» тоскоолдуктар болуп жатканын белгилеген. Кийинчерээк анын концерттерине уруксат берилген.

Орусиялык таанымал куудул, актёр жана шоумен Максим Галкин – даңазалуу орусиялык ырчы Алла Пугачёванын күйөөсү. Галкин 2022-жылы үй-бүлөсү менен Израилге көчүп кеткен. Орусиянын Юстиция министрлиги былтыр 16-сентябрда аны «чет элдик агенттердин» милдетин аткарып жаткан кишилердин тизмесине киргизген. Өкмөттүн бул чечимин орус оппозициясы айыптаган.

Количество просмотров: 131