• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Казакстанда машыгуу учурунда парашют менен секирген жоокер каза болду

19 Үчтүн айы 2023 9:09 Бишкек Govori.TV

18-январда Астана шаарына жакын жердеги аскердик машыгуу учурунда парашют менен секирген бир жоокер каза болду. Бул тууралуу Казакстандын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

«Окуянын чоо-жайы такталып жатат. Текшерүү иштери башталды», – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Маалыматка караганда, каза болгон жоокер 2022-жылы жазында Караганда шаарынан армияга чакырылган.

Коргоо министрлиги маркумдун үй-бүлөсүнө жардам берүү боюнча бардык зарыл чаралар көрүлөрүн убада кылды.

Казакстанда 2022-жылдын башынан бери Куралдуу күчтөрдүн катарында кызмат өтөп жүргөн ондон ашык жоокер каза болду.

Количество просмотров: 161