Казакстандын балдар акыйкатчысы Динара Закиева Астанадагы №14 мектепте бала тепкичтен кулап кеткен окуядан кийин бардык мектептердин имараттарынын коопсуздугун текшерүү боюнча рейддер өткөрүлөрүн билдирди.
«Муну шалаакылык деп эсептесем да, перила менен тепкичтердин ортосунда эч кандай тосмо болгон эмес. Окуу жылынын башында мектеп кандай кабыл алынганы азыр текшерилип жатат. Бардык мектептерде рейддер өткөрүлөт», — деди акыйкатчы.
Ал баланын ата-энеси мектепке болгон дооматын кайтарып алганын билдирди. Закиеванын айтымында, медициналык консилиумдан кийин балага операция жасоонун зарылдыгы жок экени белгилүү болгон.
Астананын билим берүү башкармалыгы окуяга байланыштуу №14 мектеп-гимназиясынын директору ээлеген кызматынан бошотулганын билдирди.
Бул факты боюнча «Балдардын өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча милдеттерди талаптагыдай аткарбоо» беренеси боюнча сотко чейинки иликтөө иштери башталды.
24-сентябрда NeMolchi.kz коомдук фондунун Instagram баракчасында мектептин окуучусу тепкичтен кулап кеткени тартылган видео пайда болгон. Астананын билим берүү башкармалыгы бала чуркап баратканда классташы кокусунан түртүп жибергенин билдирген.