• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Казакстанда мурдагы депутат Кайрат Кудайбергендин камактагы мөөнөтү узартылды

25 Баш оона 202218:03 Бишкек Govori.TV

Алматынын райондор аралык тергөө соту Алматы маслихатынын мурдагы депутаты Кайрат Кудайбергендин камактагы мөөнөтүн 21-октябрга чейин узартты. Ал быйыл апрелде Январь окуяларына байланыштуу камакка алынган.

Буга чейин Кудайбергендин камактагы мөөнөтү эки жолу узартылган.

Кайрат Кудайберген «жапырт башаламандыктарды уюштуруу жана ага катышуу» шеги менен кармалган. Алматы прокуратурасы билдиргендей, Январь окуялары учурунда Кудайберген криминалдык авторитет Арман Жумагелдиев менен бирге шаардагы «Казакстан» мейманканасына кишилерди чогултуп, жапырт башаламандыктарга катышкан.

Кайрат Кудайберген Казакстанда ишкер, блогер жана «Нур Отан» партиясынан (азыркы «Аманат» партиясы) Алматы маслихатынын депутат катары белгилүү.

Количество просмотров: 175