• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Жээнбековдун жубайынын камактагы мөөнөтү узартылды

25 Теке 202312:31 Бишкек Govori.TV

Саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаеванын камактагы мөөнөтү 25-сентябрга чейин узартылды.

Мындай чечим Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан 21-июлда кабыл алынган.

Эске салсак, Алимбаева 25-майда УКМКнын тергөө абагына суракка чакырылып, камалган. Ал Бишкек шаарындагы эки жер тилкенин мыйзамсыз сатылышы боюнча шек саналып жатат. Алимбаева өзү коюлган айып менен макул эместигин айткан.

Количество просмотров: 91