• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Казакстанда мурдагы министр аялын өлтүрүү шеги менен кармалды

10 Жетинин айы 2023 9:20 Бишкек Govori.TV

9-ноябрда казак басылмалары жана Телеграм каналдары өз булактарына таянып, мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаевдин кармалганын жазып чыгышты.

Ал аялын сабоого шектелүүдө. Жубайы жаракатынан улам көз жумган.

Tengrinews агентти Ички иштер министрлигине шилтеме берип билдиргендей, шаардагы ресторандардын биринде кардарлардын ортосунда чыр чыгып, бир аял алган жаракатынан улам каза болгон. Шектүү кармалган.

Казакстандын мурдагы улуттук экономика министри Куандык Бишимбаев 2018-жылдын март айында коррупцияга айыпталып, 10 жылга эркинен ажыратылган. Тергөөнүн версиясына караганда, Бишимбаев «Байтерек» улуттук башкаруу холдингинин жетекчиси болуп турганда Кызылорда шаарындагы айнек заводунун курулушуна бөлүнгөн миллиард теңгени уурдоо үчүн кылмыштуу схеманы уюштурган. Ал курулуш компанияларын тапшырык менен камсыз кылуу үчүн пара алган деп айыпталган. 2019-жылдын октябрында Бишимбаев шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыккан.

43 жаштагы Куандык Бишимбаев 2017-жылы камакка алынганга чейин мамлекеттик аппаратта жана квазимамлекеттик сектордо жогорку кызматтарда иштеген. Андан мурда экс-президент Нурсултан Назарбаевдин жардамчысы болгон.

Количество просмотров: 138