• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Казакстанда Назарбаевдин келини 8 жылга соттолду

30 Кулжа 2023 17:42 Бишкек Govori.TV

Кызылорда облустук соту Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин иниси Кайрат Сатыбалдынын мурдагы жубайы Гүлмира Сатыбалдыны “башканын мүлкүн ыйгарып алуу жана ысырап кылуу” иши боюнча сегиз жылга эркинен ажыратты.

Мындан тышкары ага 10 жылга коммерциялык уюмдарда жетекчилик кызматтарда иштөөгө тыюу салды.

Тергөөнүн версиясы боюнча 2018-жылы күзүндө Гүлмира Сатыбалды Сырдарыянын сол жээгине жылуулук тармактарын куруу боюнча тендер өтөрүн алдын ала билип калып, “Ариа-Жаңа Астана” ишканасынын жетекчиси Гани Бекбосыновго тендерге тиешелүү документтерди даярдоого тапшырма берген. Сатыбалданын таасири астында тендерди “Ариа-Жана Астана” утуп алган.

Кийинчерээк Сатыбалды Бекбосыновго иш жүзүндө аткарылбаган курулуш-монтаждоо жумуштары боюнча бардык актыларды бөлүнгөн сметага шайкеш келтирүүнү тапшырган. Соттолгондун мыйзамсыз аракеттеринен мамлекетке 441 миллион теңге (965,5 миң доллар) өлчөмүндө зыян келтирилген.

2023-жылдын май айынын башында Казакстандын соту Гүлмира Сатыбалдыны өзүм билемдик жана адам уурдоо фактысы боюнча жети жылга эркинен ажыраткан.

Forbes басылмасынын маалыматына ылайык, Назарбаевдин иниси Казакстандын эң таасирдүү ишкерлеринин тизмесине кирген. Кандуу январь окуяларынан кийин Назарбаев жана анын айланасындагылар мурдагы таасирин жоготуп, экс-президенттин туугандары жогорку кызматтарынан алынып, айрымдары акча кымырууга жана рейдерликке айыпталып камакка алынган.

Количество просмотров: 167