• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Казакстанда окуучуларды мелдешке алып баратканда кырсыкка кабылган автоунаанын айдоочусу кармалды

19 Бештин айы 2022 9:06 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Актөбө облусунда окуучуларды волейбол мелдешине алып баратканда жол кырсыгына кабылган Toyota Estima автоунаасынын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү полиция департаменти кабарлады.

Актөбө облустук салматтык сактоо башкармалыгынын маалыматына караганда, ишемби күнү кырсыкта жаракат алган беш окуучуга Актөбө шаардык балдар ооруканасында операция жасалган. Учурда алардын баары тең реанимация бөлүмүндө жатат, абалдары туруктуу оор деп бааланууда. Мындан тышкары дагы үч окуучу оорукананын хирургия бөлүмүндө дарыланууда.

«Азыр команданын машыктыруучусу оор абалда. Ал жасалма дем алдыруу аппаратына туташтырылып, комада жатат», – деди башкармалыктын жетекчиси Рустем Исаев.

17-декабрда Актөбө облусунда окуучуларды волейбол мелдешине алып бараткан автоунаа жол кырсыгына кабылып, бир бала дароо ошол жерде мүрт кеткен. Полиция бул факты боюнча «Адам өлүмүнө алып келген транспорт каражатын колдонуу эрежелерин бузуу» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, Toyota Estima автоунаасынын 32 жаштагы айдоочусун кармады.

Айрым маалыматтарга караганда, автоунаанын айдоочусу Актөбө облусунун Темир районундагы спорттук комплексте машыктыруучу болуп иштейт.

12-13 жаштагы окуучулар Эгемендик майрамына карата Актөбө облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгы уюштурган Өспүрүмдөр кубогуна катышуу үчүн баратышкан.

Количество просмотров: 54