Казакстандын Талдыкорган шаарында полиция башчысы зордуктоого шектелип кармалды. Ал 27 жаштагы тургунга сексуалдык ыдык көрсөтүүгө айыпталууда. Бул тууралуу Жетисуу облустук полиция департаментинин басма сөз кызматы билдирди.
Кармалган полициячынын аты-жөнү айтылган жок. Ага “кызматтык милдетин аткарып жаткан учурда жасалган зордуктоо” беренеси боюнча айып тагылууда.
Мурдараак жергиликтүү басылмалар шектүү Талдыкорган полиция башкармалыгынын башчысы Марат Куштыбаев экенин кабарлашкан.
Шектүүнүн өкүлдөрү жана жакындары коомчулукка комментарий беришкен жок.