Казак президенти Касым-Жомарт Токаевдин өмүрүнө кол салууну көздөгөн «чет элдик чалгынчыны» кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитетине шилтеме берүү менен жергиликтүү маалымат каражаттары билдирди.
Улуттук коопсуздук комитетинин маалыматына ылайык, ал президенттин өмүрүнө кол салуудан тышкары, өлкөнүн атайын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине каршы теракттарды жасоо менен айрым жогорку кызматтагы мамлекеттик кызматкерлерге кол салуу аракетин пландаган.
Тинтүү учурунда снайпердик мылтык, баңгизат жана ири суммадагы акча табылып, алынган.
Кармалган адам «чет мамлекеттин көрсөтмөсү жана кызыкчылыгы үчүн» комитеттин тизмеси боюнча жасаган аракеттерин мойнуна алган.