• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Казакстанда референдум өтүп жатат

5 Кулжа 2022 10:52 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 5-июнда Казакстанда Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум башталды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазды.

Маалым болгондой, референдум Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн өткөрүлүп жатат. Анда КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) 57 байкоочусу көз салууда.

Кошумчалай кетсек, Касым-Жомарт Токаевдин демилгеси менен өткөрүлүп жаткан референдумда жаңы түзөтүүлөр кабыл алынса экс-президент Нурсултан Назарбаевдин Баш мыйзамдагы макамы жоюлат. Бийлик өкүлдөрү жаңыланган Баш мыйзам менен Казакстан «супер президенттик» системадан баш тартат деп ишендирүүдө. 

Количество просмотров: 130