• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Казакстанда референдум өттү деп табылды

6 Кулжа 2022 9:10 Бишкек Govori.TV

Казакстанда 5-июнда конституциялык боюнча референдум өттү. Шайлоочулар Негизги мыйзамдагы 56 өзгөртүүгө добуш беришти.

Саат 22:00дөгү маалыматка ылайык, жекшембидеги референдумда республика боюнча шайлоочулардын 68,44 пайызы добуш берди. Казак мыйзамдарына ылайык, бардык шайлоочулардын 50 пайыздан ашыгы катышкан референдум өттү деп эсептелет.

Шайлоочулардын активдүүлүгү Түркстан (80,66%), Кызыл-Ордо (79,89) жана Чыгыш Казакстан (77,49%) жана Караганды (77,39%) облустарында байкалды.

Казакстандын бардык аймактарынын ичинен референдумга Алматы шаарындагы шайлоочулар эң аз катышкан. Казакстандын эң ири шаарында жалпы шайлоочулардын 33,3 пайызы гана добуш берди. Нур-Султанда добуш берүүчүлөр 57,06% түздү.

Баардыгы болуп референдумга 8 030 739 киши катышты.

Шайлоочуларга 56 өзгөртүү жана толуктоодон турган мыйзам топтомуна добуш берүү сунушталды: бюллетенде болсо “ооба” жана “жоок” деген жообу менен бир гана суроо болду.

Көз карандысыз байкоочулар референдум бир катар мыйзам бузуулар менен коштолуп жатканын билдиришти. Жаш шайлоочулар лигасынын байкоочулары документи жок адамдарга референдумга катышууга уруксат берилген, жакын туугандары үчүн бюллетень алган жана бюллетендерди топ-тобу менен урнага таштаган учурларды каттады.

Количество просмотров: 108