Казакстанда парламенттин жогорку палатасына депутаттарды шайлоо өттү. Сенат депутаттарын маслихат шайлады. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун алдын ала жыйынтыгын жарыялады.
Ага караганда, төрт сенатор кайра шайланды. Жогорку палатага облустук маслихаттардын беш катчысы, аймак акимдеринин төрт орун басары, эки район акими кирди.
Астанадан депутаттыкка сенат спикеринин кеңешчиси Бибигүл Жексенбаева шайланды. Алматыдан сенатка шаардык шайлоо комиссиясынын мурдагы башчысы Жанна Асанова өттү.
Казакстандын Конституциясына ылайык, сенатка ар бир облустан, республикалык мааниси бар шаарлардан жана борбор калаадан экиден депутат шайланат.
Сенат президенттин сунушу менен Жогорку соттун төрагасын жана судьяларды, Акыйкатчыны шайлайт. Мындан тышкары президенттин Конституциялык соттун төрагасын, Улуттук банктын башчысын, башкы прокурорду, УКК жетекчисин, Жогорку соттук кеңештин төрагасын дайындоосуна макулдук берет.