• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Казакстанда шахтадагы өрттөн 2 киши каза болду

18 Баш оона 2023 10:13 Бишкек Govori.TV

17-август күнү эртең менен “Казахстанская” шахтасында чыккан өрттөн кийин эки шахтердун сөөгү табылды. Бул тууралуу Караганды облусунун акимчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын тек-жайы аныкталууда. Дагы үч кенчини издөө иштери уланууда.

Ал ортодо ооруканага түшкөн шахтерлордун саны сегизге жетти. Дарыгерлердин айтымында, алардын экөө реанимацияда.

Расмий маалымат боюнча 17-август күнү саат 10до шахтанын ичинде конвейер лентасы күйүп кетип, өрт чыкан. Кенчилер жер үстүнө көтөрүлө баштаган, бирок кырдаал түтүнгө байланыштуу татаалдашып кеткен. Эвакуация учурунда куткаруучулар 222 кишини жер үстүнө чыгарышкан.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кырсыктын себептерин ар тартаптуу иликтөөнү жана жабыркагандарга бардык зарыл жардамдарды көрсөтүүнү тапшырды.

“Казахстанская” шахтасындагы өрткө байланыштуу Башкы прокуратура “Тоо-кен же курулуш иштерин жүргүзүүдө коопсуздук эрежелерин бузуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

«Казахстанская» шахтасы — Караганды облусунун Шахтинск шаарында жайгашкан «АрселорМиттал Темиртау» компаниясынын сегиз шахтасынын бири. Ал жерден көмүр казылат. Бул 1957-жылы түптөлүп, 1969-жылы ишке берилген аймактагы эң эски шахталардын бири.

Былтыр ноябрда ушул эле компанияга караштуу Ленин атындагы көмүр шахтасында бургулоо учурунда газга ууланып беш адам каза болгон.

Количество просмотров: 80